​“Жаштар дүйнөнү өзгөртөт!”

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

“Жаштар дүйнөнү өзгөртөт!” деп аталган социалдык иш-чара болот.

21-27-апрель күндөрү Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2017” өнөктүгү өтөт. Бул тууралуу «YouthofOsh» коомдук бирикмесинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2017” иш-чарасы жакшылыкты жайылтуу жана коомго жакшылык кылуу.

“Аталган иш-чаранын максаты муктаждарга жардам көрсөтүү, коомго пайда келтирүү жана ага салым кошууга үндөөчү үлкөн өнөктүк. Апта ичинде өнөктүктүн демилгечилери жана өнөктөрү жаштардын өз эрки, ыктыярдуулук шартында жасала турган коомдук-пайдалуу иш-чараларды жана акцияларды өткөрүшөт”,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы жүздөгөн жаштар бул күндөрү “Жаштар дүйнөнү өзгөртөт!” аттуу ураандын алдында көңүл бурууга жана ден-соолук, экология, социалдык коргоо, билим берүү багыттары боюнча колдоого муктаж жарандар үчүн 50дөн ашуун социалдык иш-чараларды өткөрүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!