​“Менин Кыргызстаным” туристтик долбоору башталат

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Ушул жылдын июнь айынан тарта Кыргызстанда “Менин Кыргызстаным” аттуу туристтик медиа долбоорунун алкагында өлкөнүн кооз жерлерин чагылдырган документалдык тасма тартылат. Бул тууралуу “Ок Ой” чыгармачыл бирикмесинин жетекчиси Нурлан Анарбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, документалдык тасманы тартуу иштери июнь айында башталат

“Биз Кыргызстандын кооз жерин, жаратылышын тасмага тартуу иштерин баштаганы турабыз. Ал арада эс арасында дагы кыргыз жерин даңазалаган видео сынак дагы уюштуруп жатабыз. Сынактын жыйынтыгын чыгарган соң өлкөнүн чар тарабында орун алган кооз жерлерди тасмага түшүрүп баштайбыз. Алсак, Кара-Балта, Сары-Челек, Соң-Көл, Ат-Башы, Ысык-Көл ушул сыяктуу кооз жерлерди бүт кыдырып чыкмакчыбыз. Жалпы өлкөнүн 40га жакын жерине барабыз. Бир айдын ичинде тартып бүтүп, монтаждоо иштери соңуна чыкканда тасманын бат ачаарын тартууламакчыбыз”,-деди ал.

Анарбаев кошумчалагандай, мындай идеянын үстүнөн иштөө мурунтан эле пайда болгон. “Биз бул тасма аркалуу өлкөнүн туристтик деңгээлин көтөрүп, кооз жерлерибизди башка өлкөгө таанытмакчыбыз. Азырынча бизге демөөрчүлүк кылган жергиликтүү банк колдоо көрсөтүп жатышат”,-деди Анарбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!