Туризм: видео сынак жарыяланды

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстанда “Менин Кыргызстаным” туристтик медиа долбоорунун алкагында өлкөнүн кооз жерлерин чагылдырган видео сынак старт алды. Бул тууралуу “Ок Ой” чыгармачыл бирикмесинин жетекчиси Нурлан Анарбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, видео сынакка бардык каалоочулар катыша алат.

“Азыркы учурда социалдык тармакка видео сынак жарыяладык. Анда “Менин Кыргызстаным” хештеги менен Кыргызстандын кооз жерлери тууралуу видео көрсөтүлөт. Видеонун узактыгы 1 мүнөттөн ашпоого тийиш. Мобилдик телефонго деле тартса жарай берет. Майдын аягында калыстар жеңүүчүнү аныктайт. Жеңүүчү “Менин Кыргызстаным” тасмасын тартуучулар менен өлкө аймагын кыдырып чыгууга жолдомо алат”,-деген Н.Анарбаев,

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!