Президент жаңы жолдун абалынан кабар алды

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 24-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы өткөн жылы оңдолгон Абдрахманов көчөсүнүн абалы менен таанышты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов шаардагы борбордук унаа магистралынын ремонт иштери тууралуу маалымат берди.

Жолдун абалы менен таанышкан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жол боюндагы инфраструктураны жакшыртуу тууралуу тапшырма берди.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсү өткөн жылы оңдоодон өткөн. Былтыркы жылы июль айында президент Алмазбек Атамбаев иш сапары учурунда транспорт жана жолдор министрлигине эскертүү берип, жолдун сапатын жана өз убагында бүткөрүлүшүн талап кылган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!