Атамбаев: жол туристтер үчүн коопсуз болушу керек

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-апрелде Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун оңдоо иштери менен таанышты.

Аталган жолду оңжоо иштери менен таанышкан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев каражат табылары менен жол өз убагында сапаттуу бүткөрүлүшү керек экенин эскертти.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун берген маалыматына ылайык, жолдун негизги тилкелеринде иш жүрүп жатат. Ал ишендиргендей, туристтик сезон башталганга чейин Чок-Тал – Чолпон-Ата тилкесине асфальт төшөө иштери аяктайт.

Президент Балыкчы – Корумду автомагистралынын жээгинде жайгашкан калктуу конуштун тургундары, туристтер үчүн коопсуз болушун айтып, жол инфраструктурасына өзгөчө көӊүл буруу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, көл кылаасындагы Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Жалпы узундугу 104 чакырымды тузгөн аталган жол башталгандан бери анын курулуш иштери чыр менен коштолуп келет. Анын айынан өкмөт башчы, транспорт жана жолдор министри кызматтан кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!