Турсезонго карата авиа каттамдар ишке кирет

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстандагы жайкы туристтик сезонго карата, айрыкча Ысык-Көлгө эч алууга бара турган туристтер үчүн авиа каттамдардын ачылат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл сайын Алматы-Тамчы авиа каттамын казакстандык авиакомпания чартердик рейс менен Ысык-Көлгө жеткирүүдө казакстандык эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп келет. Бул жылы дагы ачылмакчы.

Мындан тышкары россиялык авиакомпания менен Новосибирск-Тамчы каттамын ишке киргизет. Май айында Кыргызстан менен Өзбекстандын авиациялык бийлик өкүлдөрү ортосунда эки тараптуу жолугушуулар өтөт. Анда эки өлкө “Ысык-Көл” аэропортуна өзбекстандык авиакомпания менен туристтерди ташуу боюнча сүйлөшүү жүрмөкчү. Мындай сүйлөшүүлөр тажик, кытай жана латвиялык авиакомпаниялар арасында жүрүүдө.

Ошондой эле Бишкек-Пекин, Бишкек-Шанхай авиа каттамдары ишке кирет. Авиа каттамдары ачуу боюнча кытай тарап макулдугун берген. Май айынын аягында, июнь айынын башында аталган багыт боюнча туристтер каттай баштамакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!