Кыргызстандыктар беш күн эс алат

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Май майрамдарына карата кыргызстандыктар 5-майдан 9-майга чейин эс алышат. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 8-майдагы жумуш күнү 13-майга которулду.

1-Май -эмгекчилердин, 5-май – Конституциянын кабыл алынган күнү жана 9-май -Улуу жеңиш майрамы катары белгилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!