​АКШдан каза тапкан мекендешке каражат топтолууда

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

20-апрелде АКШнын Нью-Йорк шаарында 32 жаштагы Кыргызстандын жараны Адылбек Кабылбеков каза тапты. Бул туурасында Gofundme.com. сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, ал өзү жашаган үйүнөн каза тапкан. Анын досторунун айтымында, ал акыркы убакта жүрөк оорусунан жапа чегип жүргөн. Нью-Йорктогу полиция кыргызстандык жарандын эмне себептен каза тапкандыгы туурасында соттук-медициналык эксперт түзүп, иликтөө иштери уланууда.

Кыргыз диаспорасы билдиргендей, Адылбектин ата-энеси мурда набыт болгон, анын бир гана агалары жана эжелери бар.

Маркумдун сөөгүн өз жерине жиберүү үчүн каражат топтоодо атайын акция жарыяланган. Мында бардык каалоочулар мекендешибизге жардам көрсөтүү үчүн Gofundme.com. аркылуу акча чегере алышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!