Азыркы учурда 647 согуштун ардагери калган

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

2017-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстан боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 647 ардагери жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардан 176сы согуштун майыптары, согуштун катышуучулары 418, өспүрүм курагында концлагерде туткунда калгандар 25, Ленинград блокадачылары 28ди түзөт.

"Ардагерлер социалдык жактан коргоого алынып, республикалык бюджеттен ай сайын жана жыл сайын ата-мекендик согуштун ардагерлерине 7000 сом, тылда эмгектенгендерге 2000 сом, каза болгон согуш ардагерлердин жакындарына 1000 сом өлчөмүндө пенсия каралган",-деп айтылат маалыматта.

2010-жылдан тарта согушка катышкандар, майыптар, блокадачылар, туткунда калгандар ай сайын 10 000 сомдон өмүрүнүн аягына чейин берилчүү КРнын президенттин стипендиясын алып келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!