​“Коркут Ата” спектакли фестивалда 2-орунду алды

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Коркут Ата” спектакли менен коңшу Казакстан Республикасынын Чымкент жана Түркстан шаарларында өткөн Ж.Шаниндин 125 жылдык мааракесине арналган түрк тилдүү мамлекеттердин “Театр жазы-2017” эл аралык фестивалына катышып, бир катар мамлекеттердин арасынан 2-орунду багындырышты.

“Коркут Ата” адамдардын аң-сезимине дүрбөлөң салуучу, оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. Каарман "Коркут ата" деген ысымы менен жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, 9-кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!