Жер көчкүнүн активдешүүсү байкалууда

25-Апр. 2017, Шейшемби

Качан түшөөрү белгисиз болгон Жалпак-Ташта жер көчкүнүн жылуу процесси башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында 23-апрель күнү саат 18:45 чамасында Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жер көчкүнүн жылуу процесси байкалган. Кооптуулук жараткан жер көчкү Маркс айылындагы 18 турак жайга болжол менен 300 метр алыстыкта жайгашкан.

“Эгерде жер көчкү жүрө турган болсо 20-30 метр алыстыктагы №10 жогорку чыңалуудагы электр мамысына, 50 метр алыстыктагы Курбу-Таш айылын таза суу менен камсыздаган суу түтүгүнө, Куршаб-Жалпакташ унаа жолунун 20-чакырымындагы унаа өтүүчү көпүрөгө, Курбу-Таш айылындагы 23 турак жайга ошондой эле 80 метр алыстыктагы Шор-Суусун бөгөп калуу коркунучу жаралышы мүмкүн”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 23-апрель күнү Курбу-Таш айылында 3 жылгадан суулар агып кирип кеңдиги 30 см, эндүүлүгү 500 метр, бийиктиги 3-4 метр чейин жер чөгүп жер көчкүнүн активдешүүсү байкалган. Мындан улам ӨКМдин кызматкерлери жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле райондук РЭТ кызматына тапшырма берилип, коркунучта турган жогорку чыңалуудагы электр мамысынын ток өткөрүүчү зымдары кыркылган. Айыл аймак башчысына кооптуу болгон турак жай ээлерин убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы берилип, көзөмөлгө алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!