​Кыргызпатент алтын сыйлыктарды тапшырат

25-Апр. 2017, Шейшемби

26-апрелде “Парк отель” мейманканасында Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өтөт. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) билдирди.

Иш-чарада Интеллектуалдык менчик бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Алтын медалдары, Евразиялык патенттик уюмунун (ЕАПУ) В. И. Блинников атындагы Алтын медалдары тапшырылат.

«Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» республикалык конкурсунун «Акыл табылга» (Мыкты ойлоп табуу), «Интеллектуалдык өнөктөштүк» (Интеллектуалдык менчикти сыйлоону камсыздоого көмөктөшүү), «Келечек жаратманы» (Жаш техник), «Канатташ» (Автордук укук чөйрөсүндө жемиштүү кызматташуу), «Мыкты бренд» номинациялары боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор жана статуэткалар тапшырылат.

“Мыкты инновациялык долбоор - 2016” сынагынын жеңүүчүлөрүнө долбоорду ишке ашыруу үчүн, грант алууга сертификаттар тапшырылат.

Иш-чарага президентинин аппаратынын, КРнын өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттары министрликтердин, ведомстволордун жана ЖОЖдордун өкүлдөрү, чыгармачылык союздарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, ойлоп табуучулар жана авторлор катышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!