​Акыркы коңгуроо боюнча буйрук чыкты

25-Апр. 2017, Шейшемби

Мектептерде акыркы коңуроо салтанаты 25-майда гана белгиленет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийешелүү буйрукка Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду. Ага ылайык, мектептерде акча топтоого, ошондой мектептин бүтүрүүчүлөрү, ата-энелери бул күнү акча топтоп белек алууга кафе, ресторандарда оюн-зоок өткөрүүгө тыюу салынды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчилери аталган күнү шаардык райондук билим берүү мекеме жетекчилерине окуучулардын коопсуздугун жана саламаттыгын коргоо милдеттендирилди.

Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүүдө мектеп администрациясы, класс жетекчи жана ата-энелер комитети персоналдык жоопкерчилигин моюнуна алышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!