​Газ куючу жайларга рейд жүрдү

25-Апр. 2017, Шейшемби

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын инспекторлору Бишкек шаарындагы газ куючу жайлардын коопсуздугун жана мыйзамдуулугун текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, газ сатылуучу жайлар эл отурукташкан жана коомдук жайлардан оолак болушу шарт. Бирок, буга карабастан бүгүнкү күндө мыйзам бузуу фактылары четтен чыгууда. Мисалы айрым газ сатуучу ишкерлердин документтери толук эмес болсо, кээ биринин туш келди жерлерге газ куючу унааларды токтотуп сатып жаткан көрүнүштөр бар.

“Учурда бул багытта текшерүүлөр күчүнө кирип, айрым мыйзамсыз өз билемдик менен сатып жаткан жарандарга чара көрүлүүдө. Мындай текшерүү учурунда инспекторлорго баш ийбеген аракеттерди көргөн сатуучулар дагы жок эмес. Андыктан мыйзам бузуп жаткан жарандарга алгач эскертүүлөр берилип, эскертүүнүн негизинде мыйзамдаштырганга мөөнөт коюлган. Белгиленген убакытта кенебестик менен тийиштүү документтери көрсөтүлбөгөндүктөн, инспекторлор материалдарды сотко өткөрүп беришүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!