Айылдарга атайын жабдуу орнотула баштады

25-Апр. 2017, Шейшемби

Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасынын алкагында, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы айылдарга алгачкы 9 санариптик автоматтык телевизиондук жабдуу орнотула баштады.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, санариптик жабдууну этабы менен орнотуу санариптик берүүгө кошулуп жаткан 326 айылдагы калктын 5 пайызын камсыз кылат. Азыркы тапта «радио жыштыгы жетпеген зонадагы» айылдардагы жергиликтүү эл санариптик телерадиоберүү менен камсыз болушту.

«Телевидения жана радиоберүү радиорелейдик магистралынын республикалык өндүрүш бирикмеси» тарабынан көрсөтүлгөн 326 айылга санариптик телеберүүнү жеткирүүдө, 227 айылды толук камсыздай турган 211 санариптик атвоматтык телевизиондук реттрансляторлор орнотулат. Айылда жүздөн ашпаган эли бар, калган 99 айыл социалдык пакеттеги телеканалдарды көрүү үчүн EUTELSAT спутникалык индивидуалдык кабыл алуучу жабдуу аркылуу кошулат.

Учурда социалдык пакетке кирген 12 телеканалды спутник аркылуу алып көрсөтүү башталды. Аны дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган 14 мамлекеттеги мекендештер да көрө алышат.

Белгилей кетсек, 15-майда Кыргызстанда аналогдук телекөрсөтүү өчүрүлүп, өлкө толугу бойдон санарипке өтөт. Санариптик сигнал жетпеген 326 айылдагы аналогдук берүү 15-майдан кийин да сакталып, санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча жабдуулар орнотулгандан кийин гана өчүрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!