Жапа чеккен балдарга жардам көрсөтүлдү

25-Апр. 2017, Шейшемби

Теги кыргызстандык, учурда Америкада жашаган спортсмен Валерий Федоренко 16-январда авиакырсыкта ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга 300 миң сом жардам берди.

Бул тууралуу “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляева билдирди.

Анын айтымында, спортсмендин күйөрмандары тарабынан www.gofundme.com краудфандинг платформасында каражат чогултулган.

Жети жаштагы эки бала: Жакшылык Шералиев менен Султан Абакировдун чоң аталарына 97 миң сомдон тапшырылды. Каражат дароо эле балдардын жеке банк эсебине которулду. Акча балдар 18 жашка чыкканга чейин колдонулбайт.

Мындан сырткары, кырсыкта апасынан айрылган Нурлан Мирлан уулуна да 97 миң сом берилген.

Эскерте кетсек, түркиялык жүк ташуучу “Боинг-747” учагы 16-январда “Манас” аэропортуна жакалаш жайгашкан Дача конушуна кулап, 39 кишинин өмүрүн алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!