Жээнбеков ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды

Жээнбеков ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды
7-Фев. 2019, Бейшемби, 17:29

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда Шанхай кызматташуу уюмунун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, мамлекет башчысы Норовду ШКУнун Башкы катчысынын кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын жооптуу ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Президент 18 жылдык ишмердигинде Уюм абройлуу эл аралык уюмдардын арасында татыктуу орунга ээ болгонун, коопсуздук жана мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун маанилүү фактору болуп калганын белгиледи.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап ШКУ төрагалыгы алкагында активдүү иш аткарууда, сүйлөшүүлөр жүрдү, көптөгөн тиешелүү структуралар менен маселелер талкууланды.

«Бишкекте 2019-жылдын июнь айында өтө турчу ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммитине чейин биз бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кадырлуу меймандарды күтүүгө даярданабыз. Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын отурумунда кол коюуга пландалган жыйынтыктоочу документтер иштелип жатат. ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин өнүгүүсү үчүн бирдиктүү аракеттер жыйындын негизги бөлүгүн сапаттуу толтуруп, чоң ийгиликтерге жетишебиз жана бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп ишенем», - деп баса белгиледи Жээнбеков.

ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов анын Башкы катчы катары биринчи сапары бул жылы ШКУда төрагалык кылган Кыргызстанга болуп жатканын символикалуу деп белгиледи.

«Кызматка киришкенден берки башкы артыкчылыктуу багыт катары мен өзүм үчүн ШКУнун Саммитин жана анын алкагындагы тиешелүү иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнү аныктадым. Кыргызстандын тышкы иштер министри жана Коопсуздук кеңешинин катчысы, жаштар кеңешинин жетекчиси жана ШКУнун ишкердик кеңеши менен жемиштүү жолугушуулар өттү. Бул жолугушууларда биз Саммитке чейин чечиле турчу маселелердин бардыгын кеңири талкууладык. Баарынан мурда – бул даярдала турган документтердин пакети», - деп белгиледи Норов.

Жээнбеков жана Норов саясат, коопсуздук, маданий жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташуу менен катар ШКУнун алкагында экономикалык потенциалды активдештирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?