ИИМдин Академиясында эл аралык шайлоо күнү белгиленди

ИИМдин Академиясында эл аралык шайлоо күнү белгиленди
8-Фев. 2019, Жума, 09:14

ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2019-жылдын 4-февралында ИИМдин Академиясында Эл аралык шайлоо күнү белгиленди.

Бул күнү ИИМдин Академиясына КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БШКнын өкүлдөрү келишти. ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана студенттерине Шайлдабекова “Жаштар жана шайлоо. Келечектин жоопкерчилиги”, “Шайлоо алдындагы жана шайлоо учурундагы ички иштер органдарынын тапшырмалары” темаларында лекция окуду.

Ал, жаштарга шайлоо учурундагы добуштун канчалык маанилүүлүгүн, шайлоону өткөрүү этаптарын, жаңы шайлоо моделдери, шайлоо процедурасы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын аткарган иштери, жалпы эле шайлоо системасы боюнча айтып өттү.

Ошондой эле келечектеги милиция кызматкерлерине шайлоо учурунда шайлоо бөлүктөрүндөгү алардын укуктары жана милдеттери туурасында айтты. БШКнын мүчөлөрү биометрикалык урналарды жайгаштырып, шайлоону жүргүзүү процессин жана жыйынтыктарын экран алдында көрсөтүп беришти. Ал эми бул иш-чарага курсанттар жана студенттер шайлоо процедураларына активдүү катышышты.

Шайлдабекова ИИМдин Академиясындагы Чыңгыз Айтматовго арналган бурчту жана музейди көрүп чыгып, Ардактуу конок китебине өзүнүн каалоо тилектерин жазып калтырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Орустардын 5 пайызы Сталиндин мезгилин жактырат
Орустардын 5 пайызы Сталиндин мезгилин жактырат
Абылгазиев:
Абылгазиев:"Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек"
Хабиб ​Нурмагомедов 29-жолу допинг текшерүүдөн өттү
Хабиб ​Нурмагомедов 29-жолу допинг текшерүүдөн өттү
“Коопсуз шаардын” камерасын ок атуучу курал менен атып кетишти (видео)
“Коопсуз шаардын” камерасын ок атуучу курал менен атып кетишти (видео)
Анжелика: “Кудай колдосун деп анан учуп кеттим”
Анжелика: “Кудай колдосун деп анан учуп кеттим”
Чыпалак баатыр:
Чыпалак баатыр: "Мен 100 процент нормальный адаммын!" (видео)
Жырткыч жаныбар табылды
Жырткыч жаныбар табылды
Султан Садыралиевдин жаңы ыры  хитке айланабы? (видео)
Султан Садыралиевдин жаңы ыры хитке айланабы? (видео)
​Мухаммед Салах ислам дүйнөсүнө кайрылуу жасады
​Мухаммед Салах ислам дүйнөсүнө кайрылуу жасады
Толкунбек Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөй баштайт
Толкунбек Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөй баштайт
Amazon Кытайдагы кызматтарын токтотот
Amazon Кытайдагы кызматтарын токтотот
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Ашраф Ганини ШКУнун жыйынында күтөбүз"
Россия Украинага мунай берүүнү токтотот
Россия Украинага мунай берүүнү токтотот
Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
Актриса Мадина Талипбек сыйлык албай калды
Актриса Мадина Талипбек сыйлык албай калды