Абылгазиев:" Биз көп иштеп, жаратмандыкка багыт алуубуз керек"

Абылгазиев:
8-Фев. 2019, Жума, 10:07

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун коллегиялык жыйынына катышты, анда Ош облусунун 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары талкууланды жана 2019-жылга милдеттери белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жыл атамекендик экономика үчүн объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликтүү болду.

«Биз коңшуларыбыздын жана стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн ишенимин кайтара алдык. Алар биздин республикага инвестиция салууга жана өз-ара пайдалуу шартта иш алып барууга даяр. Үстүбүздөгү жылы биз алдыбызга чоң милдеттерди коюудабыз жана ушул жыл өлкөбүз үчүн өнүгүү жылдардан болуп калуусуна жетишүүбүз зарыл», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, негизги жетишкендик катары, республикабыз финансылык жылды тышкы карыз алуусуз жыйынтыктады жана мындан ары карай өлкө жеңилдетилген шарттардагы максаттуу долбоорлорду жана натыйжалуу инвестицияларды гана тартат.

Премьер-министр өлкө региондору алдында турган артыкчылыктуу милдеттердин катарында ирригацияны өнүктүрүү, айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо, жаңы өндүрүштү ишке берүү аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүү, билим берүү жана медицинанын сапатын жогорулатуу турарын белгиледи.

Өкмөт башчы санариптештирүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларга токтолуп, аймактардагы тургундар бул иштин актуалдуулугун жана зарылдыгын түшүнүүсү зарыл деп белгиледи.

«Бардык мамлекеттик тейлөөлөр электрондук форматта сунушталат жана жалпы жарандарга, анын катарында алыскы аймактардагы тургундарга жеткиликтүү болот. Биз интернетти өлкөнүн бардык аймактарына өткөрүүгө умтулуудабыз. Ал жарандардын мамлекеттик тейлөөлөргө гана эмес, ошол эле учурда банктарга, билим берүү мекемелерине карай жеңилдетилген жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Бул аймактардын өнүгүүсүнө карата олуттуу кадам болуп саналат»,-деди Абылгазиев. – Мен көп иштеп, аз сүйлөө принцибин карманам. Ошол эле учурда биздин кемчиликтерибиз тууралуу ачык айтып, өз идеяларын сунуштоочулар менен талкуу жүргүзүүгө даярбыз. Биз көп иштеп, жаратмандыкка багыт алуубуз керек».

Жыйынтыгында Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине өлкө өнүгүүсү жана жарандардын бакубат жашоосу үчүн коюлган милдеттерди чечүүдө ийгиликтерди каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат
Орустардын 5 пайызы Сталиндин мезгилин жактырат
Орустардын 5 пайызы Сталиндин мезгилин жактырат
Абылгазиев:
Абылгазиев:"Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек"
Хабиб ​Нурмагомедов 29-жолу допинг текшерүүдөн өттү
Хабиб ​Нурмагомедов 29-жолу допинг текшерүүдөн өттү
“Коопсуз шаардын” камерасын ок атуучу курал менен атып кетишти (видео)
“Коопсуз шаардын” камерасын ок атуучу курал менен атып кетишти (видео)
Анжелика: “Кудай колдосун деп анан учуп кеттим”
Анжелика: “Кудай колдосун деп анан учуп кеттим”
Чыпалак баатыр:
Чыпалак баатыр: "Мен 100 процент нормальный адаммын!" (видео)
Жырткыч жаныбар табылды
Жырткыч жаныбар табылды
Султан Садыралиевдин жаңы ыры  хитке айланабы? (видео)
Султан Садыралиевдин жаңы ыры хитке айланабы? (видео)
​Мухаммед Салах ислам дүйнөсүнө кайрылуу жасады
​Мухаммед Салах ислам дүйнөсүнө кайрылуу жасады
Толкунбек Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөй баштайт
Толкунбек Абдыгулов ссуданын калган бөлүгүн төлөй баштайт
Amazon Кытайдагы кызматтарын токтотот
Amazon Кытайдагы кызматтарын токтотот
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Ашраф Ганини ШКУнун жыйынында күтөбүз"
Россия Украинага мунай берүүнү токтотот
Россия Украинага мунай берүүнү токтотот
Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
Актриса Мадина Талипбек сыйлык албай калды
Актриса Мадина Талипбек сыйлык албай калды