Алдамчылыкка шектелген жаран колго түштү

Алдамчылыкка шектелген жаран колго түштү
8-Фев. 2019, Жума, 12:22

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

2018-жылдын ноябрь айында шектүү жаран Чүй облусунун жашоочусунун (аял киши) ишенимине алдоо жолу менен кирип, ири суммадагы акча каражатын алып изин жашырып качып кеткен. Чала тааныш адам жабырлануучудан кыймылсыз мүлк (Сокулук районундагы жер тилкеси) боюнча көйгөйлөрүн чечип берем деп ири суммадагы акча каражатын алып жүргөн. Жыйынтыгында шектүү жалпы суммасы 1000 АКШ доллары менен 92 миң сом акча каражатын алган. Жабырлануучу алдамчынын курмандыгы болгондугун түшүнгөндөн кийин гана ушул жылдын январь айынын аягында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгына кайрылган.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад облусунун 22 жаштагы тургуну кармалды. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!