Карашев: "Инвестицияларды жылдыруу агенттиги чыгашага учуратат экен"

Карашев:
8-Фев. 2019, Жума, 13:52

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Аалы Карашев экономика министри Олег Панкратовду инвестиция тартуу көлөмүнүн кескин түшүп кетишине өз күнөөсүн моюнга алууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сиздин айтканыӊызга караганда, дүйнөлүк каатчылык, Кытай, парламент жана башкарлар күнөөлүү тура, кыскасы, сизден башканын баары күнөөлүү экен. Өз күнөөӊүздү да сезишиӊиз керек.

Маалыматка ылайык, инвестиция Бишкек шаарына, Чүй жана Жалал-Абад облустарына көбүрөөк тартылат экен. Инвестиция Жалал-Абаддын кайсы тармагына тартылды? Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин бюджети канча?», - деген суроолорду салды ал.

Агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу инвестициянын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун тоо-кен тармагына тартылып жатканын, агенттиктин бюджети 22 млн сомду түзөрүн билдирди.

«Мамлекет агенттикке 22 млн сом бөлсө, агенттик 3 млн сом киреше киргизет экен, демек силер мамлекетти 7 эсе чыгашага учуратып жатыпсыӊар. Анда мындай агенттикти кармоонун эмне кереги бар? Биз инвестицияларды коштоп жүрөбүз дейсиӊер, коштоп эмне кыласыӊар? Мисалы, сиз Novotel мейманканасынын курулушуна жабышып жатасыз, ал ишти башкалар жасап жатпайбы», - деди депутат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коркунучтуу куш ээсин жара тартты
Коркунучтуу куш ээсин жара тартты
Төрага терроризмдин жайылуусуна соцтармактар чоң таасир берип жатканын айтты
Төрага терроризмдин жайылуусуна соцтармактар чоң таасир берип жатканын айтты
Абылгазиев: 2018-жылы бир катар жаңы ооруканаларды ачтык
Абылгазиев: 2018-жылы бир катар жаңы ооруканаларды ачтык
Чиркөөнү оңдоого 48 саат ичинде 1 миллиард евро чогулду
Чиркөөнү оңдоого 48 саат ичинде 1 миллиард евро чогулду
Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жасады
Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жасады
Бетке арналган маскалар
Бетке арналган маскалар
Жаңы “Samsung Galaxy Fold” уюлдук телефонунда маселе жаралдыбы?
Жаңы “Samsung Galaxy Fold” уюлдук телефонунда маселе жаралдыбы?
Аял кишини алдап, акча алып жүргөн жаран кармалды
Аял кишини алдап, акча алып жүргөн жаран кармалды
Шишкебектен өрт чыгарган студенттер 13 миллион евро төлөйт
Шишкебектен өрт чыгарган студенттер 13 миллион евро төлөйт
Мухаммед Салах башкы машыктыруучу менен уруша кетти
Мухаммед Салах башкы машыктыруучу менен уруша кетти
Бажы кызматы контрабандалык жүктү кармады
Бажы кызматы контрабандалык жүктү кармады
 Төө-Ашуудагы туннелдин ичиндеги түтүн тазаланды
Төө-Ашуудагы туннелдин ичиндеги түтүн тазаланды
“Кыз-Бурактын” кызы Айтурган Эрмекованын алгачкы концерти өттү
“Кыз-Бурактын” кызы Айтурган Эрмекованын алгачкы концерти өттү
Дүйнөдөгү эң толук баланын абалы учурда кандай?
Дүйнөдөгү эң толук баланын абалы учурда кандай?
Назира Айтбекова: Баланын жашоосуна болгон ынтызарын качырбагыла
Назира Айтбекова: Баланын жашоосуна болгон ынтызарын качырбагыла
​УЕФА: Аптанын мыкты футболчуна талапкерлер аталды
​УЕФА: Аптанын мыкты футболчуна талапкерлер аталды