“Түкүрүк” үчүн айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзөт

“Түкүрүк” үчүн айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзөт
8-Фев. 2019, Жума, 15:53

Жогорку Кеӊеште мамлекеттик органдардын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү максатында иштелип чыгып, бир катар укук коргоо жаатындагы бир катар мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, Өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, демилгечи – Өкмөт.

Баяндамачынын айтымында, укук коргоо жаатындагы жаӊыдан күчүнө кирген мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу алкагында “Бузуулардын бирдиктүү реестрин” иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. “Ошонун негизинде 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган бир катар мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө”, - дейт тармактык комитеттин төрайымы Наталья Никитенко.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков “түкүрүк” үчүн айыппул азыр 8-категориядан “бейбаштык” беренесиндеги 1-категорияга которулганын, айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзө турганын билдирди. “Өкмөт жаӊыдан күчүнө кирген укук коргоо жаатындагы ченемдик укук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү март айында парламенттин кароосуна киргизет. Мыйзамдарда көптөгөн кемчиликтер бар экен, азыр анын үстүндө иштеп жатабыз”, - деди ал.

Андан тышкары, жол кыймылына, тагыраак айтканда, жолдо жүрүүнүн техникалык регламентке байланыштуу тартип бузуу жоболорун өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да Өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бул мыйзам долбоору аркылуу “жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга жана Бузуулар жөнүндө кодекске бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.

Белгилей кетсек,1-январдан тарта укук коргоо жаатындагы 5 кодекс жана 2 мыйзам – Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекси, Жазык-процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекси, “Пробациялоо жөнүндө” жана “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдар күчүнө кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду