Жээнбеков ТүркПА менен ТТМК кеңешинин Башкы катчыларын кабыл алды

Жээнбеков ТүркПА менен ТТМК кеңешинин Башкы катчыларын кабыл алды
8-Фев. 2019, Жума, 17:46

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, Жээнбеков Мамаюсуповду ТүркПАнын Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап: «Сиздин келишиңиз менен Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгы жана көп тараптуу мамилелердин мындан ары дагы жакшыруусуна жана жогорку деңгээлге чыгарына ишенем», — деп билдирди.

ТүркПА Башкы катчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык процессинде оң натыйжалар бар экендигин, парламенттик багыттарда иштер активдешкенин маалымдады.

«ТүркПАда 4 багыт боюнча комиссиянын иши активдүү жүрүүдө. Алар экономикалык, эл аралык, социалдык-гуманитардык, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары», — деп билдирди Мамаюсупов.

Ушул эле күнү Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысын Багдад Амреевди кабыл алып, аталган кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешине төрагалык кылуусу мезгилинде маанилүү иш чараларды өткөрүүнү пландаштырууда жана жакшы демилгелер менен сунуштар үчүн ачык.

Жээнбеков экономикалык чөйрөдөгү кызматташтык маселесин алдыңкы планга чыгаруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды, бизнес-форумдарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл», — деп сунуштады Жээнбеков.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду