Бишкекте көмүскө иштеген кумаркана табылды (видео)

Бишкекте көмүскө иштеген кумаркана табылды (видео)
9-Фев. 2019, Ишемби, 11:14

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы Бишкек шаарындагы кумар оюндарын ойноочу көмүскө жайды табышты. Кумарканага өздөрүнүн гана тааныштарын гана киргизип, купуялуулукту сактап келишкен.

7-февраль күнү Криминалдык милиция кызматы атайын операция жүргүзүп, мыйзамсыз кумар оюндарын жүргүзгөн жерди аныктаган жана компьютерлердин жанында 7 оюнчу бар болгон. Аларды текшерүү учурунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 30-40 жаштардагы жашоочулары болуп чыккан. Ал эми кумар оюндарын ойноочу мекеменин администратору Бишкек шаарынын 29 жаштагы аял киши болгон.


Ал мурда кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү беренеси менен жоопкерчиликке тартылган. Имараттын ичинен 10 компьютер, кассадан 6 500 сом акча каражаты табылды. Андан сырткары 4 даана ак жана кара түстөгү бет кап, оюнчук тапанча, бир нече бычактар табылган. Алынган маалыматтар боюнча аталган имарат Жалал-Абад облусунун 1955-жылы туулган З.А. аттуу жашоочусуна таандык. Ошол эле күнү мекеменин администратору сурак берүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда кумар оюндарын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу жана ушул кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды