Былтыр Кыргызстанда ымыркайларга кандай аттар көп ыйгарылган?

Былтыр Кыргызстанда ымыркайларга кандай аттар көп ыйгарылган?
9-Фев. 2019, Ишемби, 11:24

2018-жылы Кыргызстанда ымыркайларга эң көп коюлган үч ысым аныкталды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашкандай, өткөн жылы 2 миң 956 балага Умар деген ысым коюлган. Ошондой эле 1 миң 703 ымыркайга Алинур жана 1 миң 637 наристеге Али деген ысымдар коюлган. Ал эми кыздарга болсо Раяна деген ат эң көп коюлган, тагыраак айтканда 1 миң 903 кызга Раяна деген ысым берилген. 1 миң 703 кызга Амина жана 1 миң 673 кызга Айлин деген аттар коюлганы белгилүү болгон.

Ал эми сейрек берилген аттардын катарында Мусобек, Айболсун, Арапабданбек, Сейданур, Суусарай жана Гулнуркан ысымдары бар.

Ошондой эле өткөн жылы 2 миң 471 ымыркай мусулмандардын пайгамбарынын атын алган: Мухаммад, Мухаммадюсуф, Мухаммед, Нурмухаммед, Мухаммадали, Мухаммадумар, Мухаммадамин.

Белгилей кетсек, акыркы төрт жылдан бери ымыркайын Умар деп атагандар көп болуп келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды