Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды
11-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 21:23

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында майда мал жандыктарды уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топ кармалды.

2019-жылдын январь айынын башында Тоң районунун Доң-Талаа айылынын жанында жайгашкан сарайдан он баш койду уурдап кетишкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси менен сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Мал уруулар бир нече күн өткөн соң, кайра башка айылдан майда мал жандыктарын уурдашкан.

Ушул эле жылдын 20-январында милицияга Тоң районунун жашоочусу кайрылып,арызында Комсомол айылынын жанынан болжол менен түнчүндө белгисиз адамдар тарабынан отуз баш кой уурдалгандыгын көрсөткөн.

Жогорудагы уурулук фактысы боюнча ыкчам иш-чараларды 2016-жылы Тоң, Кочкор, Кемин жана Ысык-Көл райондорунун аймагынан жылкыларды үйүрү менен айдап кетишкен айыл өкмөттүн мурдагы башчысы башында турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан, ал эми 2017-жылы Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын аймагында миллиондук чыгым келтирген мал уурулардын тобун колго түшүрүшкөн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүзүшкөн. КМКнын ыкчам кызматкерлери мал уурдаган топту ыкчам иликтешип, алардын иш-аракетин, кылмышты жасаган ыкмаларын, сатып жүрүшү мүмкүн болгон жерлерин изилдей башташкан. Комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тергөөнүн бир катар тапшырмалары аткарылган. Уурдалган малдарды сатып алгандар такталып,мал ээлери өздөрүнүн уурдалган малдарын таанышкан.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында үч жарандан турган мал уурулардын тобу кармалган. Алар, 40 жаштагы жаран кылмыштуу топту уюштурган жана мурда Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 28 жана 27 жаштагы жарандар классташтар болушат.

Кийинки жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандардын көрсөтмөсү менен 2019-жылдын февраль айында Токмок шаарында уурдалган малдардан көбү табылган.Жабырлануучуларга уурдалган жыйырма баш кой өткөрүлүп берилген. Такталгандай кылмышкерлердин арасында жергиликтүү аймакты жакшы билген мурда мал багуучу болуп иштеген жаран бар болгон. Кылмышкерлер түн ичинде уурдашып, жүк ташуучу унаага салып, коңшу облустун аймагына алып кетип жүрүшкөн. Токмок шаарына мал сатып алуучуларга сатып жүрүшкөн.Кармалган жарандар азыркы учурда Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБге жеткирилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?