ИИМдин борбордук аппаратында саптык кароо жүргүзүлдү

ИИМдин борбордук аппаратында саптык кароо жүргүзүлдү
11-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 21:44

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 11-январь күнү Ички иштер министрлигинде милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү.Аталган иш-чара ички иштер министринин орун басарлары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев менен милициянын полковниги Мирлан Каниметовдун жана ИИМдин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын катышууларында өттү.

Саптык кароо мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталып жана гимндин аягында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен жарандык жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарышкандыгы, андан сырткары өрттөн адамдарды куткарып көрсөткөн эрдиктери үчүн Октябрь РИИБнын 3-4-шаардык милиция бөлүмдөрүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, милициянын лейтенанты Мыктыбек Мурзабеков менен милициянын кенже лейтенанты Ислам Абдурахмановдор “Кыргыз милициясына 90 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады.

2019-жылдын 27-январь күнү Октябрь РИИБнын 3-4-шаардык милиция бөлүмүнүн лейтенанты Мурзабеков Мыктыбек менен милициянын кенже лейтенанты Ислам Абдурахмановдор 4-кичирайонунда жайгашкан № 33-үйдөгү өрттөнүп жаткан батирден балдарды жана чоңдорду куткарып чыгышкан.

Андан соң, министрдин орун басары Алмаз Орозалиев ИИМдин борбордук аппараттын өздүк курамынын сырткы көрүнүшүн, кызматтык документтерин текшерди. Андан сырткары, кызматкерлердин тыкандуулугуна өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле ИИМдин Борбордук аппаратынын жалпы өздүк курамы салтанаттуу жүрүш менен өтүп, саптык даярдыгын көрсөтүштү. Саптык кароонун аягында ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин сырткы көрүнүшү баардык талаптарга жооп берет жана аныкталган кемчиликтерди жоюу керектиги жетекчилик тарабынан белгиленди. Андан соң өздүк курам өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты