Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйыны өттү

 Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйыны өттү
12-Фев. 2019, Шейшемби, 13:40

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынына катышты, анын жүрүшүндө ведомствонун 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2019-жылга карай артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү маалымат менен Мамлекеттик миграция кызматынын директору Болотбек Ибраимжанов, ошондой эле анын орун басарлары көзөмөлдөгөн багыттары боюнча маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эмгек миграциясында Кыргызстандын 710 миңден ашуун жараны жүрөт, анын ичинде Россияда – 640 миңден ашуун, Казакстанда – 30 миң, Түркияда – 30 миң, Түштүк Кореяда – 15 миң, алыскы чет өлкөдөгү башка өлкөлөрдө 20 миңден ашуун адам бар.

Эки мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-россиялык макулдашууларды ишке ашыруу алкагында «тобокелдик тобундагы» 200 миңдей кыргызстандыктын болжол менен 100 миңдей жараны өз абалын мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алды. Буга катар биздин 5500 мекендешибизге Россиянын аймагына кирүүсүнө жол ачылды.

КМШ Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын башына карай 74 миң 541 адамга Россия аймагына кирүүгө тыюу салынган, ал эми 2018-жылдын соңуна карата чектөө коюлган жактардын саны 65 миң 532 адамга кыскарган.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө 700 миңден ашуун мекендешибиз Кыргызстандан тышкары жүрөт.

"Жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, бул жаатта чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөр бар. Биринчи кезекте Миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгуу, чет жердеги мекендештерди колдоого алуу Программасын бекитүү зарыл. Президенттин Жарлыгына ылайык, президентке караштуу чет жердеги мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш түзүлгөн, анда Мамлекеттик миграция кызматы аталган кеңештин Катчылыгы болуп саналат. Бул багытта Катчылыктын толук кандуу ишин активдештирүү зарыл", – деди Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өлкөнү өнүктүрүү жана мекендештер менен конструктивдүү байланыштарды орнотуу үчүн бардык кызыкдар тараптардын мүмкүндүгүн бириктирүү зарыл.

"Биздин жаштар чет мамлекеттерге кетип, ошол жакта калып калууда. Биз аларды артка кайтару боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуубуз зарыл. Бул багытта биздин жарандардын жашоосу жана эмгекке орношуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү кадамдар керек." – деди Өмүрбекова.

Айта кетсек, «Тыюу салынган» жарандардын тизмесин кыскартуу милдети актуалдуу жана артыкчылыктуу бойдон калууда. Мындан тышкары, Мамлекеттик миграция кызматы үзгүлтүксүз негизде чет жердеги мекендештерди жана диаспораларды колдоого алуу боюнча ишти жүргүзүүдө.

Ведомство тарабынан татыктуу эмгекке орноштуруу максатында жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги мүмкүндүкктөр тууралуу маалымат жана консультациялар сунушталат жана иш издеген жарандар эмгекке орноштурулат.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз жарандыгын алган этностук кыргыздардын жалпы саны бүгүнкү күндө 40 миңден ашуун адамды түзөт.

2018-жылы кайрылман статусу 664 этностук кыргызга берилген. 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы кайрылман статусун алган жактардын саны 56%га кыскарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дана Уайт:
Дана Уайт: "​Нурмагомедов менен Макгрегор урматташаар убакыт келет"
Көзгө эң керектүү  витаминдер
Көзгө эң керектүү витаминдер