Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)
12-Фев. 2019, Шейшемби, 13:51

Бүгүн, 12-февралда Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи Бишкек гуманитардык университетинин залында өттү. Сыйлыкты тапшыруу иш-чарасына Эгизбаевдин санаалаштары, кесиптештери, жубайы, ата-энеси чакырылган.

Баш байгени "Азаттык" радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков алды.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун негизги максаты – коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотууга багытталган журналисттик иликтөөлөрдү өнүктүрүү болуп саналат.

Фонддун эсебине алгачкылардан болуп экс-президент Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев да өз салымын кошуп келет.

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. Соттук – медициналык экспертиза анын өлүмүнүн себебин "сууга чөгүү" деп аныктаган.






Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!