Улан Абилов жаңы кызматка дайындалды

Улан Абилов жаңы кызматка дайындалды
12-Фев. 2019, Шейшемби, 14:58

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда президенттик аппараттан кабарлашты.

Президенттин башка жарлыгы менен Улан Абилов Президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Айта кетсек, Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеген

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!