Алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланды

Алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланды
12-Фев. 2019, Шейшемби, 16:14

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыратташтырууга багытталган “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, демилгечи – депутат Максат Сабиров.

Демилгечинин айтымында, 2017-жылы “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилип, “Кыргызстандагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготкон. Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыкты. Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө.

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин маалыматына караганда, ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коркунучтуу куш ээсин жара тартты
Коркунучтуу куш ээсин жара тартты
Төрага терроризмдин жайылуусуна соцтармактар чоң таасир берип жатканын айтты
Төрага терроризмдин жайылуусуна соцтармактар чоң таасир берип жатканын айтты
Абылгазиев: 2018-жылы бир катар жаңы ооруканаларды ачтык
Абылгазиев: 2018-жылы бир катар жаңы ооруканаларды ачтык
Чиркөөнү оңдоого 48 саат ичинде 1 миллиард евро чогулду
Чиркөөнү оңдоого 48 саат ичинде 1 миллиард евро чогулду
Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жасады
Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жасады
Бетке арналган маскалар
Бетке арналган маскалар
Жаңы “Samsung Galaxy Fold” уюлдук телефонунда маселе жаралдыбы?
Жаңы “Samsung Galaxy Fold” уюлдук телефонунда маселе жаралдыбы?
Аял кишини алдап, акча алып жүргөн жаран кармалды
Аял кишини алдап, акча алып жүргөн жаран кармалды
Шишкебектен өрт чыгарган студенттер 13 миллион евро төлөйт
Шишкебектен өрт чыгарган студенттер 13 миллион евро төлөйт
Мухаммед Салах башкы машыктыруучу менен уруша кетти
Мухаммед Салах башкы машыктыруучу менен уруша кетти
Бажы кызматы контрабандалык жүктү кармады
Бажы кызматы контрабандалык жүктү кармады
 Төө-Ашуудагы туннелдин ичиндеги түтүн тазаланды
Төө-Ашуудагы туннелдин ичиндеги түтүн тазаланды
“Кыз-Бурактын” кызы Айтурган Эрмекованын алгачкы концерти өттү
“Кыз-Бурактын” кызы Айтурган Эрмекованын алгачкы концерти өттү
Дүйнөдөгү эң толук баланын абалы учурда кандай?
Дүйнөдөгү эң толук баланын абалы учурда кандай?
Назира Айтбекова: Баланын жашоосуна болгон ынтызарын качырбагыла
Назира Айтбекова: Баланын жашоосуна болгон ынтызарын качырбагыла
​УЕФА: Аптанын мыкты футболчуна талапкерлер аталды
​УЕФА: Аптанын мыкты футболчуна талапкерлер аталды