12-февралда ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери кан донорлору болушту.
Ар бир адам кан тапшыруу алдында медициналык кароодон өтүп жатышты. Аталган иш-чара окуу жайда салтка айланып, өздүк курамдын активдүү катышуусу менен өткөрүлүп келет.
Республикалык кан борборунун кызматкерлери акцияны
уюштуруп бергендиги үчүн ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана ар бир
катышуучуга ыраазычылык билдиришти.