Депутат:"Билими жок жарандар президенттикке талапкер боло албайт"

Депутат:
12-Фев. 2019, Шейшемби, 17:25

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети президентке жана депутатка талапкерлерге карата кошумча талаптарды киргизүүгө багытталган «Президентти жана депутаттарды шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Демилгечи депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбоору аркылуу президенттик жана депутаттык кызмат орундарына талапкер болгон адамдарга кошумча талаптар киргизүү сунушталып жатканын айтты.

«Долбоорго ылайык, соттуулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, оор кылмыш же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар, ошондой эле жогорку билими жок жарандар президенттикке жана депутаттыкка талапкер боло албайт», - деп, ал ушундай эле талаптар шаарлардын мэрлери менен айыл өкмөтүнүн башчыларына да коюлуп жатканын кошумчалады.

Депутаттын айтымында, шайлоочулар менен жолугушканда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жогорку билими жөнүндө маселе такай көтөрүлүп келет. «Чынында эле эмне үчүн майда-барат кызмат орундарына жогорку билими жөнүндө талап бар дагы, президенттикке жана парламент депутаттыгына талапкерлерге андай талап жок? Нааразычылык ошондон улам жаралууда», - деди ал.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Президенттин аппараты менен Башкы прокуратура мыйзам долбоорун кыйыр болсо дагы колдобой койгонун эске салып, ага вето коюлуп калышы мүмкүн экенин эскертти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды