​Муфтий оогандык кыргыздар менен жолугат

26-Апр. 2017, Шаршемби

Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев үстүбүздөгү жылдын июль айларында Афганистан Ислам Республикасында эзелтен байырлап жашап келе жатынкан кыргыз эли менен жолугушуп, алардан кабар алаары күтүлүүдө.

Бул тууралуу Муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен Афганистан Ислам Республикасын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбах мырза менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Ошондой эле Азирети Муфтийдин Афганистандагы кыргыз эли менен болгон жолугушуусунда тамак-аш азыктары, окуу куралдары жана турмушка керектүү буюм-тайымдар жардам катары жеткирилип берилмекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!