​“Салам Ысык-Көл-2017” фестивалы өтөт

26-Апр. 2017, Шаршемби

Жайкы туристтик сезон Ысык-Көлдө 6-7-майда салтанаттуу түрдө ачылып, эл аралык «Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition-2017» деген аталышта туристтик жарманке өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн эл аралык жарманке Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда саат 10:00дө башталат. Аны менен катар “Салам Ысык-Көл-2017” фестивалы болмокчу.

Ачылыш салтанатка, өкмөт өкүлдөрү, ишкананын жетекчилери, туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышат. Мындан тышкары Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея жана Европа биримдигине кирген мамлекеттердин өкүлдөрү келет.

Фестиваль “Салбуруун”, көргөзмө жана эстрада ырчыларынын коштоосундагы иш-чаралар менен жабылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!