Дарыгердин небереси бейтапты өлтүрүп салды

27-Апр. 2017, Бейшемби

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка алайык, 1-март күнү Кара-Балта шаарынын тургуну 1975-жылы туулган И.Т. аттуу күйөөсүн аракечтиктен арылтуу үчүн Учкун жаңы конушундагы жеке менчик клиникага (элдик дарыгерге) алып барган. Бирок кийин бейтап кетем деп чыр чыгаргандыктан элдик дарыгердин небереси аны сабап салган. Жабырлануучу катуу соккудан улам 3-март күнү каза болуп калган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренисине ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип, Сревлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 24-жаштагы А.Э аттуу тургуну кармалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!