Атайын эсептеги акча жапа чеккендерге которулду

27-Апр. 2017, Бейшемби

16-январдагы авиакырсыкта жакынын жоготкондорго жана үй-жайынан ажырап жапа чеккендерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында ачылган атайын эсептеги каражат которулуп берилди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы суммасы 100 млн. 499 миң 300 сом болгон акча каражаты кырсык болгон сааттан баштап эл, мекеме-уюмдардагы эмгектенген кызматкерлер тарабынан топтолгон.

Жабырлануучулардын өтүнүчү боюнча топтолгон каражат ар бир жеке эсепке которулду. Ал эми турак-жай сатып алууга бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланып жибербөө үчүн көзөмөлдөө өкмөттүк комиссиянын көзөмөлүндө калды.

Мындан сырткары Түркиянын «ACT Airlines» авиакомпаниясынан акчалай кенемте келиши күтүлүүдө. Аталган компания буга чейин 600 миң доллар которгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!