Тазалыкчылар бак-дарактарды актоодо

27-Апр. 2017, Бейшемби

Ош-Тазалык ишканасынын жумушчулары калаадагы көп кабаттуу үйлөрдун короолорун актап, андагы бак-дарактарды бирдей формага келтирүү менен алек болуп жатат.

Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, Ош шаарындагы 650 көп кабаттуу үйдүн баардыгынын тазалыгы аталган мекеменин көзөмөлүнө өткөн. Тазалыкчылар эрте мененки саат 8:00ден кечки 17:00ге чейин шыпырып, айланасын тазалап турушат.

Былтыркы жылы Ош-Тазалык ишканасы жаз алды менен ар кандай зыяндуу чымын-чиркейлерди жок кылып, санитардык абалды жакшыртуу үчүн көп кабаттуу үйлөрдөгү тазалыкты камсыз кылууну өз көзөмөлүнө алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!