Казакстанда кыргыз тилиндеги канал иштейт

28-Апр. 2017, Жума

Ушул жылдын октябрь айынан баштап Казакстандын улуттук спутникалык Хабар казах агенттигинин "Казах ТВ" каналы кыргыз тилинде чыга баштайт.

Бул тууралуу коомдук биринчи каналдын генералдык директору (КТРК) Илим Карыпбеков «Казах ТВ" каналынын директору Тараковго шилтеме берип билдирди.

"Казах ТВ" каналы Казакстандагы биринчи улуттук спутник каналы болуп саналат. Ал негизинен казак, орус, англис тилдеринде чыгып, республикалык жана эл аралык форматта көрсөтүүлөрдү даярдайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!