Ички аскерлер бөлүгү ИИМдин карамагына өткөрүлөбү?

Ички аскерлер бөлүгү ИИМдин карамагына өткөрүлөбү?
13-Март 2019, Шаршемби, 14:53

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында бири-бирине байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору менен “Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

ЖКнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, ИИМдин орун басары Курсан Асанов аталган мыйзам долбоорлорунун концепциясы менен тааныштырды. 2014-жылы аскердик реформанын алкагында, Ички аскерлер Куралдуу күчтөрүнүн тутумуна кирген Улуттук гвардиясынын курамына киргизилген. Ички аскерлердин Улуттук гвардиянын курамында болуусу өлкөнүн ички коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтык-күжүрмөн маселелерди чечүүдөгү алардын дараметин жана мүмкүнчүлүгү чектеген.

Буга байланыштуу, Президенттин 2018-жылдын 10-сентябрындагы Жарлыгы менен мурда КРнын Улуттук гвардиясына берилген штаттардын, документтерин, имараттарын, курулмалардын, материалдак-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрүндүн эсебинен Ички аскерлерди түзүү чечими чыгарылды. Бул Жарлыкты ишке ашыруу максатында аталган мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.

Маалыматка ылайык, “КР ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Кыргызстандын ички коопсуздугун, коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Муну менен бирге, долбоор менен колдонуудагы мыйзамдын I бөлүгүн ички аскерлерди жетектөө жана алар менен өз ара аракеттешүү боюнча ченемдерди алдын ала караган 51-берене менен толуктоо сунушталат. Сунушталган берененин мазмуну Ички аскерлерди Улуттук гвардиясынын курамына өткөрүп бергенден кийин жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын күчүн жоготту деп табылган 5-беренесине ылайык келет.

Ал эми “Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” мыйзам долбоору ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин уюштуруу жана укуктук негиздерин бекемдѳѳнү белгилѳѳгѳ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугунун мамлекеттик системасын ѳнүктүрүүгѳ, коомдук тартипти, жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Талкууда эл өкүлдөрү ички аскерлерге бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды, ички аскерлер кандай уставдын негизинде иш алпарарын такташты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!