Разаков:"БАЭ ишкерлерине ири долбоорлорду сунуштоого даярбыз"

Разаков:
14-Март 2019, Бейшемби, 10:17

Бишкек шаарында вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Султан Аль Мансуринин төрагалыгы алдында Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тар жана кеңири курамда өткөн комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө эки жактуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелери, ошондой эле айыл чарба, маалыматтык технологиялар, туризм, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү жана башка актуалдуу темалар боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр белгилегендей, аталган жыйынды өткөрүү эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп саналат.

«Биз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экономика жана соода тармагы болуп саналат. Буга байланыштуу белгилей кетсем, соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалы биздин өлкөлөрдүн экономикалык талаптарына жооп бербейт. Өз ара биргелешкен аракеттешүүлөрдү келечектүү өнүктүрүү үчүн биздин зор потенциалыбыз бар», – деп баса көрсөттү Разаков.

Вице-премьер-министр соода-экономикалык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү максатында Кыргызстандан эт продукцияларынын, бал, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана кийиз буюмдардын экспортун кеңейтүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

«Ошондой эле эки өлкөнүн жеке чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды жөнгө салуу биз үчүн маанилүү болуп саналат. Кыргыз тарап БАЭ ишкерлерине ири долбоорлорду сунуштоого даяр. Мындан тышкары биз кызматташуунун маанилүү багыты катары транспорт жана жарандык авиацияны эсептейбиз. 2018-жылы БАЭ туристтеринин саны мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе өскөн», – деди ал.

Ошону менен бирге Разаков энергетика, агрардык комплекс, азык-түлүк өнөр жайы, билим берүү жана инновация тармактарында кызматташуу келечеги тууралуу кеңири айтып берди.

Иш-чаранын соңунда Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!