Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланды

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланды
14-Март 2019, Бейшемби, 10:22

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган Конвенциянын максаты бардык майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасы Конвенцияга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын ишинин алкагында 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды келечекте көрүү ниетин билдирген.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө грамотаны БУУнун Башкы катчысы болуп эсептелген депозитарийге депонирлөөгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 7-февралда кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!