Коңшу мамлекеттер менен кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттар айтылды

Коңшу мамлекеттер менен кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттар айтылды
14-Март 2019, Бейшемби, 11:49

«Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип — өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, тышкы саясаттын негизги багыттары мамлекеттин ички кызыкчылыктары менен тыгыз байланышканын жана элчилер өлкөнүн ички муктаждыктарын жакындан билиши керек.

"Бүгүнкү кеңешменин максаты — өткөн жылдын жыйынтыгына анализ жасап, кийинки жылдарга тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарыбызды аныктоо. Акыркы мезгилде тышкы саясатыбызда бир топ өзгөрүүлөр болду, аздыр-көптүр ийгиликтерибиз да бар. Биринчи кезекте коңшу мамлекеттер, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз менен алака-мамилебизди бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлдү. Натыйжасы жаман эмес. Евразиялык экономикалык биримдиктеги кызматташуубуз -приоритеттүү багыттардын бири. Биримдиктин алкагында өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып, соода жүргүзүүнү көбөйтүү керек",- деди Жээнбеков.

"Сиздер билгендей, президенттик кызматка киришкен соң алгачкы иш сапар менен Россияга бардым. Владимир Путин менен болгон бир катар жолугушуулардын натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер активдүү өнүгүп жатат. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү өсүүдө. "Кара тизмеге" кирип калган мекендештерибиздин маселеси чечилди. Россия-Кыргыз Өнүгүү Фонду тарабынан масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда. Аскердик-техникалык кызматташууда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Эми, соода-экономикалык байланыштарыбызды арттырып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Бул максатта чакан жана орто бизнеске инвестицияларды тартып, экспортко багыт алган ишкерлерибизге шарт түзүү зарыл. Март айынын аягында Владимир Владимировичтин Кыргызстанга мамлекеттик визити пландаштырылган. Бул визиттин алкагында эки тараптын кызыкчылыгына жооп берген дагы бир топ макулдашуу, келишимдерге жетишебиз деп ишенем",- деп кошумчады президент.

Ошондой эле Жээнбеков жакынкы коӊшулар — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен кызматташтыкты чыӊдаганын жана баардык коңшу өлкөлөргө расмий визит менен барып келгенин эске салды.

"Нурсултан Назарбаев менен чек ара, соода жана башка багыттар боюнча маселелерди чечтик. Азыркы тапта Казакстан менен суу, ветеринария, фитосанитария тармагында маселелер талкууланууда. Шафкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Бердымухамедов менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тыгыз жеке байланыштарды түздүк. Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктоо маселеси — негизги милдет. Соода-экономикалык кызматташтыкты арттырып, товар алмашууда Кыргызстандын экспортунун үлүшүн көбөйтүү маанилүү. Түркмөнстандын отун-энергетика жана инвестиция жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу биз үчүн чоң мааниге ээ. Түркмөнстан-Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу маселеси боюнча жигердүү иштөө милдети турат. Айта кетчү жагдай, кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатабыз. Өкмөт ушул механизмди ишке киргизүүгө тийиш. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Элчилер регионалдык коопсуздукту, мамлекеттер аралык магистралдар боюнча транзитти жана суу-энергетика ресурстарын комплекстүү пайдаланууну камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз иш алып барышы зарыл.Белорусия — Евразиялык экономикалык Биримдиктин алкагында биздин өнөктөшүбүз. Азыркы тапта мамилелерди жандандырып, болгон потенциалды колдонуу керек.Пекинге мамлекеттик иш сапар менен барып, Кытай менен алакабызды жакшыртуу тууралуу Си Цзиньпинь мырза менен натыйжалуу сүйлөшүүлөр болгон. Кытайдан түз инвестицияларды тартып келүү, биргелешкен долбоорлорду жана региондор аралык байланыштарды күчөтүү актуалдуу. Жарандарыбыз үчүн визалык режимди жеңилдетүү– абдан маанилүү. Эки тараптуу кызматташтыгыбызга доо кетирүүнү көздөп жаткан күчтөр бар. Биз буга жол бербейбиз",- деди Жээнбеков.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!