Чек ара: Бир үй, "Аudi" унаасы жана "КАМАЗдын" прицеби күйүп кетти

Чек ара: Бир үй,
14-Март 2019, Бейшемби, 12:08

Бүгүн, 14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы саат 10:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.

Мекеменин маалыматка караганда, Таш-Тумшук аймагында 1 үй, "Аudi" үлгүсүндөгү бир жеңил унаа жана кыргыз жаранына таандык "КАМАЗ" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын 1 прицеби күйүп кеткен. Өрт болгон жерге барууга аракет кылган өрт өчүрүүчүлөрдү тажик жарандары жолду тосуп алып, өткөрбөй коюшкан.

13-мартта жаңжал болгон кезде тажик жарандары Баткен районунун Ортобоз айылындагы жергиликтүү тургундун сарайын өрттөп салышкан. Ошондой эле Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканасына жеткирилген.


"Кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бүгүн тажик кесиптештери менен сүйлөшүү үчүн Баткенге учуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, кечээ 13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан. Жаңжалга Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон. Ал эми жанжалды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтоткон. Бирок, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!