Ташиев:"Мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык"

Ташиев:
14-Март 2019, Бейшемби, 12:37

Экс-депутат Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан аймакка жөнөп жатканын өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө, Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даяр экенин жана ал бул кадамдары пиар эместигин баса белгилеген.

"Урматтуу Кыргыз элим! Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даярмын! Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн "пиар" деп,бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин. Мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарына керек! Ата- бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!!!",- деп жазып калтырган.


Эскерте кетсек, кечээ 13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан. Жаңжалдын кесепетинен бир жаран оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган жана кыргыз жаранынын үйү, "Аudi" үлгүсүндөгү бир жеңил унаа жана кыргыз жаранына таандык "КАМАЗ" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын 1 прицеби күйүп кеткен. Бул жаңжалга Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон. Ал эми жанжалды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтоткон. Бирок, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!