Сагынбаев: Жеңил өнөр жай тармагында 300 миңдей адам иштейт

Сагынбаев: Жеңил өнөр жай тармагында 300 миңдей адам иштейт
14-Март 2019, Бейшемби, 13:11

Жеңил өнөр жай тармагында иштеген адамдардын саны 300 миңге жакын. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

“Жумуш орундары жеңил өнөр жай тармагында расмий түрдө 150 миңдей киши иштейт деп эсептөөлөрдү жүргүзчү элек. Кечээ Өкмөттө жыйын болду. Анын негизинде 300 миң киши иштеп жатат деген эсеп болуп жатат. Биз аларды ачыкка чыгып иштөөгө чакырабыз, жана иштешүүгө бүгүнкү күндө даярбыз”


Ал ошондой эле өнөр жайдык өндүрүмдү диверсификациалоо үчүн өнөр жайдын алгачкы тармактарын өнүктүрүү керектигин белгилеп, азыркы учурда учурда аталган комитет өнөр жайды өнүктүрүү боюнча БУУнун техникалык колдоосу менен 2019-2024-жылдарда Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгып жатканын кошумчалады.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!