ИИМ орус ишкерин алдоо фактысы боюнча толук маалымат таратты

ИИМ орус ишкерин алдоо фактысы боюнча толук маалымат таратты
14-Март 2019, Бейшемби, 14:51

Кечээ, 13-мартта жергиликтүү маалымат агенттиктердин биринде, “Россиялык инвестор С. Лихтенвальддын КРнын президентине кайрылуусу: Укук коргоо органдары алдамчылык фактысы боюнча В.П. аттууга карата жүргүзүшкөн кылмыш ишине тоскоолдук жаратып жатышат (Инвестордун Кыргызстандагы кайгылуу тажрыйбасы)”- темасында пресс-конференция өткөн. Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Маалыматка караганда, 17-январда ИИМдин Тергөө кызматына “Партнер” ЖЧКнын өкүлү И. уулу И. аттуу арыз менен кайрылып, алдамчылык фактысы боюнча Вайнерман П.Г. аттууга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты КЖБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө, Вайнерман П.Г. аттуу 2017-жылдын мартында Россиянын Красноярск шаарында катталган “Партнер” ЖЧКнын негиздөөчүсү С. Лихтенвальд менен “Манас” аэропортун реконструкциялоо боюнча тендерге катышуулары үчүн болжолдуу сүйлөшүп алышып, Кыргызстандын аймагында “Партнер” ЖЧКнын филиалын катташкан. Ошол эле жылдын 18-апрелинде “Партнер” ЖЧКсы “Манас” аэропортунун вентиляциясы менен кондиционерлерин ташууга жана аны оңдоо жөнүндөгү тендерге катышуу үчүн кепилдиктүү салымды кошуу менен “Партнер” ЖЧКсы өз филиалынын эсебине “Каржы-чарба ишмердүүлүгү үчүн” белгиси менен 3.115.000 рублей (КРнын Улуттук банкынын курсу боюнча 3.824.730 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын банктан которгон. Андан соң, “Партнер” ЖЧКнын филиалынан П. Вайнерман 50000 евро өлчөмүндөгү кепилдик суммасын банк аркылуу которуп, банктык кепилдик берилген. Тендер эки жолу жокко чыгарылгандан кийин (2017-жылдын 17-майында жана 2018-жылдын 28-мартында) жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты банк тарабынан “Партнер” ЖЧКнын филиалынын эсебине кайтарылып турган. Жыйынтыгында Вайнерман “Партнер” ЖЧКнын 3.115.000 рублей өлчөмүндөгү акча каражатын өзүм билемдик менен колдоно баштаган",- деп айтылат маалыматта.

Быйыл 28-январда ЖПКнын 233-234-беренесине ылайык Вайнерман П.Г. аттууну Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренесинин негизинде шектөө жөнүндөгү жазуу түрүндөгү маалымдама түзүлгөн.

1-мартта Вайнермандын Бишкек шаарындагы медициналык мекемеде стационардык дарылануусун эсепке алуу менен аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ЖПКнын 237-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде өндүрүш токтотулган. 12-март күнү өндүрүш кайра жандандырылып, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!