Абылгазиев Өкмөттүн 2019-жылга карата артыкчылыктарын белгиледи

Абылгазиев Өкмөттүн 2019-жылга карата артыкчылыктарын белгиледи
14-Март 2019, Бейшемби, 16:15

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрүп, 2019-жылга карата өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктарды белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Башкы милдет ИДПнын 4% кем эмес өсүүсүнө жетишүү болуп саналат. Бул үчүн багыттуу иштөө жана ар бир жетекчиге конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана МЖӨ долбоорлорду бекитүү зарыл. Биз экспортту, бюджетке салыктык түшүүлөрдү жана бажы алымдарын көбөйтүү үчүн ЕАЭБ рынокторун максималдуу колдонуубуз керек. Биз мамлекеттик каржыларды, мамлекеттик мүлктөрдү башкаруунун натыйжалуулугун өстүрүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштырып жана таасирдүүлүгүн жогорулатууга тийишпиз», – деп белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, маанилүү багыттардын бири атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо болуп саналат.

«Экономиканын реалдуу секторунда жаңы кен иштетүү объекттерин ишке киргизүү жана инвестицияларды коргоо, кайра иштетүү өнөр жайын салыштырмалуу 17% кем эмес деңгээлге жеткирүү менен өндүрүштүк кубаттуулукту модернизациялоо жана кеңейтүү зарыл», – деп ырастады Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, социалдык чөйрөдө мамлекет тарабынан кепилденген бардык милдеттемелерди аткаруу зарыл.

Мындан тышкары Абылгазиев төмөнкү долбоорлорду жана милдеттерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи:

- «өсүү түйүнүнүн» негизинде аймактардын экономикасынын өнүгүүсү жана өндүрүштүк күчтөрдү оптималдуу жайгаштыруу;

- «Коопсуз шаар» компонентин өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырууну аяктоо;

- салык процедураларын фискалдаштыруу тутумун киргизүү;

- кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын өндүрүштүк режимде ишке киргизүү жана электрондук түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү 80ге чейин жеткирүү;

- бардык мамлекеттик органдарды «Түндүк» тутумуна кошуу;

- өлкөнүн айылдарында жашоочулардын 65% камтуу менен ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу жана кеңейтүү.

Премьер-министр Өкмөттүн 2019-жылга карата Программасын ишке ашыруунун мониторинг тутумун ай сайын натыйжалуу иштеп чыгуу жана киргизүүнү, кыска мөөнөттө макулдашууну аяктап жана Мамлекеттик органдардын ишмердигин пландаштыруу жана баалоонун жаңы методикасын бекитүүгө сунуш кылууну тапшырды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!