​Чүйдө бир кыз жана төрт баладан турган "банда" кармалды

​Чүйдө бир кыз жана төрт баладан турган
15-Март 2019, Жума, 16:15

Чүйдө каракчылыкка шектелип бир кыз жана төрт баладан турган "банда" кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБне 23 жаштагы Д.Э. аттуу Беш-Күнгөй айылынын тургуну кайрылып, аны 20-22 жаштагы беш белгисиз азият түспөлүндөгү адамдар карактап кетишкенин билдирген.

Жабырлануучунун айтымында, ал Бишкектеги көчөлөрдүн биринде Беш-Күнгөй айылына кетүү үчүн турган. Ошол маалда, "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа токтоп, аны жеткирип коюуну сунуштаган. Унаанын ичинде жаш балдар болгон. Бирок, алар Аламүдүн районундагы көчөлөрдүн биринен токтоп, аны белгисиз курал жана бычак менен коркутуп 20 миң сомдук iPhone үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Андан кийин, баланы унаадан түшүрүп коюп, белгисиз тарапка кетип калышкан.

"Аталган факты КЖБРге катталып, иликтөө иштери башталган.Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган окуяга катыштыгы бар деп Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары – 18 жаштагы Б.Ж менен И.Т., 19 жаштагы А.М. жана 18 жаштагы Ж.А., мурда соттолгон 19 жаштагы М.А. аттуу кармалган".- деп айтылат маалыматта. ­­­­­­­­­

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери кармалгандар менен иш алып барууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР