Сокулуктагы өрттү толук өчүрүү иши уланууда (видео)

Сокулуктагы өрттү толук өчүрүү иши уланууда (видео)
15-Март 2019, Жума, 16:38

Бүгүн, 15-мартта Сокулук районунун Новопавловка айылынын Фрунзе (Бишкек шаары Ленин району, Архангельск көчөсү эмес) көчөсүнөн чыккан өрт саат 13:18де чөктөөгө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда жеринде Ленин райондук 2 бөлүм жана Сокулук райондук 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм, штаб өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Ал эми Ленин райондук 1 бөлүм, ККББнун ыкчам тобу, ИИМ, РЭТ кызматкерлери жана Тазалык ишканасынан суу ташуучу унаалары туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.



Эскерте кетсек, буга чейин алдын ала маалымат боюнча, өрт тууралуу билдирүү бүгүн, 15-мартта болжол менен саат 12:07де (Бишкекте Архангельск көчөсүндө (Костонай жана Садыгалиева эмес)) жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, Штаб жана саат 12:30да ӨКМдин Кризистик кырдалдарды башкаруу борборуна ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары жерине ИИМ, РЭТ кызматкерлери жана Тазалык ишканасынан суу ташуучу унаалары тартылган.

Өрттүн кесепетинен 1 турак жай бөлүгү менен (частично), 2 турак жайдын чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйгөн. Өрт саат 13:18 чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланууда. Алдын ала, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!